Фахреттин Алтун террор менен күрөшүүгө басым жасады

Фахреттин Алтун АКШнын Нью  -  Йорк шаарындагы Түрк үйүндө өткөрүлгөн "Түркия  -  АКШ карым  - катнаштарынын тарыхы жана келечеги" аттуу панелде катышуучуларга видео билдирүү менен кайрылды.

1830137
Фахреттин Алтун террор менен күрөшүүгө басым жасады

Президенттиктин коммуникация башкармалыгынын төрагасы Фахреттин Алтун Швеция жана Финляндиянын НАТОго мүчөлүк үчүн кайрылуусу тууралуу террордук уюмун коргогон өлкөлөрдүн союздаштыкка алынышы акылга сыйбай тургандыгын айтты. 

Фахреттин Алтун АКШнын Нью  -  Йорк шаарындагы Түрк үйүндө өткөрүлгөн "Түркия  -  АКШ карым  - катнаштарынын тарыхы жана келечеги" аттуу панелде катышуучуларга видео билдирүү менен кайрылды. 

Түркиянын Сирия жана Ирактын түндүгүндө таштаган кадамдарынын бир гана жашаган аймакта эле эмес, дүйнөнүн да туруктуулугуна салым кошкондугун баса белгилеген Алтун бул кадамдардын ошол эле учурда жаңы адамзаттык трагедияларды алдына алгандыгын белгиледи. 

Террор менен күрөшүү менен аймактык жана глобалдык ырааттуулукка жана улуттук коопсуздукту чыңдоого да кызмат кылгандарына көңүл бурган Алтун, Түркиянын террор, мыйзамсыз миграция сыяктуу көп кырдуу күрөштө өнөктөштөрүн да жанында көргүсү келгенин айтты.

АКШнын көзөмөлүндө болгон Фетуллахчы террор уюмунун (ФЕТӨ) америкалыктар үчүн да коркунуч экенин баса белгилеген коммуникация башкармалыгынын төрагасы : "Түркия күрөшүп жаткан террордук уюмдардын колдоого алынышы, террористтердин багынбашы стратегиялык өнөктөштүк жана союздаштыктын пайдубалына тилекке каршы зыянын тийгизип жатат. Биз НАТОго мүчөлүктөрү күн тартибине келген өлкөлөр үчүн да көйгөй катары каралбагандыгына каршыбыз жана бул нааразычылыгыбызды улантабыз. Биз союздаштык карым  -  катнаштарынын ичинде  бир союздаш күрөшүп жаткан террордук уюмун коргоого алган өлкөлөрдүн союздаштыкка алынышы  туура эмес  деп ойлойбуз",- деди. 

 



Тектеш кабарлар