Эрен операцияларында 12 террорист жок кылынды

Ички иштер министрлигинен берилген маалыматта Эрен блокада операцияларынын ПККны өлкөнүн күн тартибинен чыгаруу жана бар болгон террористтерди жок кылуу максатында «изде – тап -жок кыл» стратегиясы менен жүргүзүлгөнү белгиленди.

1830112
Эрен операцияларында 12 террорист жок кылынды

ПКК жикчил террордук уюмга карата 15 -  апрелде баштатылган Эрен блокада операцияларында ушул күнгө чейин 12 террорист жок кылынды.

Ички иштер министрлигинен берилген маалыматта Эрен блокада операцияларынын ПККны өлкөнүн күн тартибинен чыгаруу жана бар болгон террористтерди жок кылуу максатында «изде – тап -жок кыл» стратегиясы менен жүргүзүлгөнү белгиленди.

Билдирүүдө 8 миң 266 кызматкер катышкан Эрен блокадасынын Диярбакыр, Хаккари, Батман, Шырнак, Мардин, Тунжели, Муш, Бингөл, Агры, Элазыг жана Хатайда уланганы эске салынды.

Операцияларда  Агрыда 1, Хаккариде 6, Шырнакта 5 жана кызгылт сары категорияда изделип жаткан 1 террорист да болгон 12 ПКК мүчөсү жок кылынды.

Билдирүүдө 15 - апрелден 18 - майга чейин жүргүзүлгөн операцияларда жок кылынган террористтер менен бирге уюм мүчөлөрүнүн жашаган жерлеринин аныкталгандыгы, 31 үңкүр, 124 баш калкалоочу жай жана 16 кампанын  жардырылгандыгы тууралуу маалымат берилди. Ошондой эле Эрен блокада операцияларынын алдыбыздагы күндөрдө кеңейтилүү менен улантылары белгиленди.

 

 



Тектеш кабарлар