Эрдоган : "Керек болсо Россия керек болсо Украина менен тең салмактуу саясат жүргүзүп жатабыз"

Президент Эрдоган жаңы бир дүйнө согушунун чыгышы аймакка да дүйнөгө да пайда алып келбей тургандыгын айтты.

1829421
Эрдоган : "Керек болсо Россия керек болсо Украина менен тең салмактуу саясат жүргүзүп жатабыз"

Президент Режеп Таййип Эрдоган : "Керек болсо Россия керек болсо Украина менен тең салмактуу саясат жүргүзүп жатабыз",- деди. 

Президент Эрдоган 19 -  Май Ататүрктү эскерүү, жаштар жана спорт майрамынан улам президенттиктин Миллет китепканасында өткөн "Китепканада маектешүүсүнүн" негизинде түрдүү шаарлардан келген жаштар менен жолугушту. 

Эрдоган : "Россия  -  Украина согушунда  принциптүү жана тарапсыз мамиледе болдук. Мамиленин натыйжасында өзгөчө Россия жана батыштан кандайдыр бир кысым болдубу? Болгон болсо Түркия буга кандай мамиле кылды?",- деген  суроого төмөнкүчө жооп берди : "Керек болсо Россия, керек болсо Украина менен тең салмактуу саясат жүргүзүп жатабыз. Бул саясатта Путин менен да Зеленский менен да байланыштарды үзүү ниетим жок. Урматтуу Путин менен да Зеленский менен да телефон аркылуу сүйлөшүүлөрдү улантып жатам. Атайын өкүлүмү аларга жибердим. Мындан кийинки процессте да муну улантабыз".

Президент Эрдоган жаңы бир дүйнө согушунун чыгышы аймакка да дүйнөгө да пайда алып келбей тургандыгын айтты. 

 

 



Тектеш кабарлар