Чавушоглу Гутерриш менен жолугушту

Гутерриш Түркияга көп тараптуулукка көрсөткөн колдоосу жана БУУга кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирди.

1829212
Чавушоглу Гутерриш менен жолугушту

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Бириккен Улуттар Уюмунун  баш катчысы Антонио Гутерриш менен Украина - Россия согушу жана аймактык маселелерди сүйлөштү.

Чавушоглу Гутерриш менен АКШнын Нью-Йорк шаарындагы БУУнун баш кеңсесинде жолугушту.

БУУнун баш катчысынын басма сөз катчысынын билдирүүсүнө караганда, Гутерриш Түркияга көп тараптуулукка көрсөткөн колдоосу жана БУУга кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирди.

Украина - Россия согушу жана аймактык өнүгүүлөрдүн сүйлөшүлгөнү белгиленген билдирүүдө Сирия, Ливия, Афганистан жана Кипр темаларынын да сүйлөшүлгөнү белгиленди.



Тектеш кабарлар