Швеция жана Финляндия Түркия менен диалогго даяр экендиктерин билдиришти

Магдалена Андерссон расмий сүйлөшүүлөрдү өткөрүү үчүн Швециянын борбору Стокгольмго барган Финляндиянын президенти Саули Ниинистё менен жолугушту. Андан соң эки лидер маалымат жыйынын өткөрүштү.

1828666
Швеция жана Финляндия Түркия менен диалогго даяр экендиктерин билдиришти

Швециянын премьер-министри Магдалена Андерссон өлкөсүнүн НАТО алкагында Түркия менен кызматташтыгын арттырууну каалаганын билдирди.

Магдалена Андерссон расмий сүйлөшүүлөрдү өткөрүү үчүн Швециянын борбору Стокгольмго барган Финляндиянын президенти Саули Ниинистё менен жолугушту. Андан соң эки лидер маалымат жыйынын өткөрүштү.

НАТО үчүн Түркия менен сүйлөшүүнү кызыктырганын билдирген Андерссон : «Швециянын Түркия менен НАТО ичиндеги кызматташтыгын арттырууну каалайбыз. Швеция НАТО жана Европа Биримдиги (ЕБ) сыяктуу террордун бардык түрүнө каршы күрөштүн артында турат. Бар болгон суроо белгилерин талкуулап чечебиз, Түркия менен диалогго даярбыз»,-деди.

Түркияга да барууга даяр экендиктерин билдирген Андерссон Швеция менен Финляндиянын НАТОго мүчөлүк үчүн бүгүн орток арыз бере турганын кошумчалады.

Финляндиянын президенти Саули Ниинистё Түркиянын Финляндия менен Швециянын НАТОго мүчөлүгүнө каршы чыгышына таң калганын белгилеп, Анкара менен сүйлөшүүлөргө даяр экендиктерин баса белгиледи.



Тектеш кабарлар