Түркия Улуттук Парламентинин спикери Шентоп Бакуда

Түркия Улуттук Парламентинин спикери Мустафа Шентоп Азербайжандын борбор шаары Бакуда шейиттиктерди зыярат кылды.

1828411
Түркия Улуттук Парламентинин спикери Шентоп  Бакуда

Түркия Улуттук Парламентинин спикери Мустафа Шентоп  Экономикалык Кызматташтык Уюмунун Парламентарлар Ассамблеясынын 3 -  жалпы конференциясына  катышуу үчүн барган Азербайжандын борбор шаары Бакуда шейиттиктерди зыярат кылды.

Шентоп Азербайжандын Улуттук Парламентинин спикери Сахибе Гафарова жана конференциянын катышуучусу болгон башка жетекчилер менен зыярт кылган маркум президент Гейдер Алиевдин мүрзөсүнө гүл чамбар койду.

20 -  январь шейиттери көмүлгөн Шейиттер Хыябанына да барган Шентоп жана коштоосундагылар бул жердеги түбөлүк от эстелигине гүл чамбар койду. Шентоп  шейиттиктин эстелик дептерине : «Шейиттерибиз  түрк улутунун баатыр балдары, 104 жыл мурда бул жерлерди өз мекенибиз сыяктуу коргоо үчүн азербайжандык бир туугандарыбыз менен бирдикте шейиттик даражага жеттиңиздер. Эркиндик үчүн курмандыкка чалган жаныңыздар менен Азербайжанга бул мекенди күчтөндүрдүңүздөр. Каныңыздар менен сугарган бул жерлерде көгөргөн жаш көчөттөр бүгүн ошол эле эрк менен ал күн сиздердин колуңуздарда көтөрүлгөн  желекти  дагы да жогору көтөрүү  аракетинде»,- деп жазды.



Тектеш кабарлар