Фахреттин Алтун Түркия жана мекемелеринин күндөн күнгө күчтөнүп жаткандыгын белгиледи

Президенттиктин коммуникация башкармалыгынын төрагасы Фахреттин Алтун Түркия менен Алжирдин арасында кол коюлган келишимдерге баа берди.

1828231
Фахреттин Алтун Түркия жана мекемелеринин күндөн күнгө күчтөнүп жаткандыгын белгиледи

Президенттиктин коммуникация башкармалыгынын төрагасы Фахреттин Алтун президент Режеп Таййип Эрдогандын жүргүзүп жаткан лидер дипломатиясынын негизинде Түркия жана мекемелеринин күндөн күнгө күчтөнүп жаткандыгын белгиледи.

Фахреттин Алтун Түркия менен Алжирдин арасында кол коюлган келишимдерге баа берди. Алтун соцтармактан берген билдирүүсүндө борбор шаар Анкарада президент Эрдоган менен Алжирдин президенти Абдулмежид Теббундун алдында Түркия  -  Алжир ортосунда карым  - катнаштарды бекемдей турган кен, экология, билим берүү, маданият жана коргонуу өнөр жайы тармактарында көптөгөн келишимдерге кол коюлгандыгын айтты.

Бул келишимдердин биринин медиа жана коммуникация тармагына тиешелүү экенин белгилеген Алтун : «Бүткүл дүйнө кризис менен күрөшүп жатканда, өлкөбүздүн өлкөлөр менен кол койгон бул келишимдер президентибиздин  ийгиликтүү лидерлигинде болуп жатат. Президентибиз жүргүзгөн лидер дипломатиясы адамдарга карата принциптүү тышкы саясаты, өлкө лидерлери менен эки тараптуу карым  - катнаштарда берген ишенимдин натайжасында кол коюлган бул келишимдер менен өлкөбүз жана мекемелерибиз күндөн күнгө күчтөнүп жатат жана бул да элибизге кошумча нарк катары кайтууда»,- деди.



Тектеш кабарлар