Түркия Ооганстандагы кол салууну айыптады

Тышкы иштер министрлигинен берилген маалыматта Түркиянын Маариф фондуна караштуу Айно Мена башталгыч мектебинин директорунун орун басарынын ишемби күнкү кол салууда каза болгондугу чоң кайгыруу менен угулду.

1827508
Түркия Ооганстандагы кол салууну айыптады

Түркия Ооганстандын Кандагар провинциясында Түркиянын «Маариф» фондуна караштуу Айно Мена башталгыч мектебинин директорунун орун басарына кол салууну айыптады.

Тышкы иштер министрлигинен берилген маалыматта Түркиянын Маариф фондуна караштуу Айно Мена башталгыч мектебинин директорунун орун басарынын ишемби күнкү кол салууда каза болгондугу чоң кайгыруу менен угулду.

Билдирүүдө,«Ооганстандын билим берүү тармагына чоң салым кошкон Түркиянын Маариф фондунун мектебинин жооптуу кызматкерине жасалган бул жийиркеничтүү кол салууну катуу айыптайбыз жана кылмышкерлердин тез арада аныкталып, жоопко тартылышына тилектешпиз»,-делди. Билдирүүдө, каза болгон мектептин директорунун орун басарынын бир туугандарына жана анын жакындарына, досторуна жана ооган элине көңүл айтылды.



Тектеш кабарлар