Шентоп Бакуга учуп кетти
Шентоп жана делегациясы 16-18-майда Бакуда өтө турган Экономикалык Кызматташтык Уюмунун Парламенттик Ассамблеясынын (ЭКУПА) 3- Башкы конференциясына катышат..
1827717
Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын (TBMM) төрагасы Мустафа Шентоп парламенттик делегациясы менен Азербайжандын борбор шаары Бакуга учуп кетти.
Шентоп жана делегациясы 16-18-майда Бакуда өтө турган Экономикалык Кызматташтык Уюмунун Парламенттик Ассамблеясынын (ЭКУПА) 3- Башкы конференциясына катышат.
Шентоп Азербайжан Улуттук Парламентинин төрайымы Гафарова менен жолугат, андан соң ЭКУПАнын 3-Башкы конференциясына катышкан делегация башчыларынын урматына бериле турган кечки тамакка катышат.