Эрдоган Теббунду азем менен тосуп алды

Азем менен тосуп алуудан кийин эки лидердин жекеме-жеке жолугушуусу болду.

1827821
Эрдоган Теббунду азем менен тосуп алды
Tebbun-Erdogan.jpg
Abdulmecid Tebbun Anitkabir.jpg
Tebbun-Erdogan1.jpg
Tebbun-Erdogan2.jpg

Алжир Элдик Демократиялык Республикасынын президенти Абдулмежид Теббун Түркияда президент Режеп Таййип Эрдоган тарабынан Президенттик комплексте расмий азем менен тосуп алынды.

Кечээ кечинде борбор шаар Анкарага расмий сапар менен келген Алжирдин президенти бүгүн Түркия Республикасынын негиздөөчүсү Улуу жол башчы Ататүрктүн мүрзөсү турган Аныткабирди зыярат кылды.

Ататүрктүн күмбөзүнө гүлчамбар коюп, бир мүнөт унчукпай таазим кылып, атайын китебине кол койгон Теббун, андан кийин Президенттик комплекске өттү.

Конок президент бул жерде президент Эрдоган тарабынан расмий азем менен тосуп алынды.

Азем менен тосуп алуудан кийин эки лидердин жекеме-жеке жолугушуусу болду.

Андан кийин тиешелүү министрлердин катышуусунда Түркия-Алжир Жогорку деңгээлдеги кызматташтык кеңешинин 1-жыйыны өткөрүлөт. Жолугушууларда эки тараптуу мамилелердин бардык аспектилери талкууланат. Тарыхы терең эки өлкөнүн саясий карым-катнаштарын өнүктүрүү үчүн таштала турган кадамдарга баа берилет.

Вице-президент Фуат Октай менен Теббун эртең Стамбулда боло турган Түркия-Алжир бизнес жана инвестиция форумуна төрагалык кылат.



Тектеш кабарлар