«Чеңгел-Кулпу» жана «Зайтун бутагы» аймактарына операция жүргүзүлдү

Бул тууралуу Улуттук Коргоо министрлиги маалымат бөлүштү.

1827173
«Чеңгел-Кулпу» жана «Зайтун бутагы» аймактарына операция жүргүзүлдү

Улуттук Коргоо министрлиги (УКМ) Ирактын түндүгүндө жикчил террордук уюм ПККга каршы жүргүзүлгөн «Чеңгел-Кулпу» операциясында 10 террористтин ок атууну колдоо каражаттары менен таасирсиз кылынганын билдирди.

Министрликтин билдирүүсүндө: «Террор уяларын жабууну улантып жатабыз. Ирактын түндүгүндөгү «Чеңгел-Кулпу» операциясы аймагында аныкталган 10 ПКК террористи ок атууга жардам берүүчү техникалар менен жок кылынды. «Чеңгел-Кулпу» операцияларында жок кылынган террорист саны 95ке жетти»,делди.

Министрлик дагы бир билдирүүсүндө Сириянын түндүгүндөгү «Зайтун бутагы» аймагында 4 ПКК/ЙПГ террористинин ок атууну колдоочу техникалар менен таасирсиз абалга келтирилгенин билдирди.

Билдирүүдө операциялардын токтобой улана турганы белгиленди.



Тектеш кабарлар