Чавушоглу: «Биз НАТОнун кеңейишине каршы эмеспиз, бирок терроризмди колдоону кабыл ала албайбыз»

Германиянын борбор шаары Берлинде өткөрүлгөн НАТОнун расмий эмес тышкы иштер жыйынына байланыштуу басма сөзгө маалымат берген Чавушоглу, Түркиянын НАТОнун ачык эшик саясатын көптөн бери колдоп келгенин айтты.

1827176
Чавушоглу: «Биз НАТОнун кеңейишине каршы эмеспиз, бирок терроризмди колдоону кабыл ала албайбыз»
Jeppe Kofod.jpg
cavusoglu berlin nato.jpg

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу, Швеция менен Финляндиянын НАТОго мүчөлүгүнө байланыштуу: «Биз НАТОнун кеңейишине каршы эмеспиз, бирок терроризмди колдоону кабыл ала албайбыз»,-деди.

Германиянын борбор шаары Берлинде өткөрүлгөн НАТОнун расмий эмес тышкы иштер жыйынына байланыштуу басма сөзгө маалымат берген Чавушоглу, Түркиянын НАТОнун ачык эшик саясатын көптөн бери колдоп келгенин айтты.

Чавушоглу:«НАТОнун жыйынында Швеция менен Финляндиянын террордук уюмга (ПКК/ЙПГ) көрсөткөн колдоосун мүчө өлкөлөргө түшүндүрдүк. Өзгөчө Швеция тарабынан берилген курал жардам темасын ачык айттык»,- деди.

Эки өлкөнүн тышкы иштер министрлерине террордук уюм мүчөлөрү менен болгон жолугушууларды документтери менен ачыкка чыгаргандарын жана Түркиянын күтүүлөрүн жеткиргендерин айткан Чавушоглу: «Биздин тынчсызданууларыбыз мыйзамдуу жана түшүнүктүү. Биз НАТОнун кеңейүүсүнө каршы эмеспиз, бирок терроризмди колдоону кабыл ала албайбыз»,-деди.

Чавушоглу НАТОго мүчө боло турган өлкөлөрдүн Түркияга экспорт уруксаттарын чектөөнүн кабыл алынарлык абал эмес экенин баса белгиледи.

Чавушоглу Финляндия жана Швеция менен болгон жолугушууда Түркиянын тынчсызданууларынын чечилиши үчүн иш алып баруу сунушунун жасалганын белгилеп: «Алар кандай кепилдик берерин жакынкы күндөрдө көрөбүз. Швециянын тышкы иштер министринин азырынча айткандары конструктивдүү эмес, провокациялык. Бул жерде сөзсүз коопсуздук кепилдиги болуш керек. Террордук уюмдарды колдоону токтотушу керек»,-деп айтты.

НАТОнун баш катчысынын орун басары Мирча Геоана да Түркиянын Финляндия менен Швециянын ыктымал НАТОго мүчөлүгүнө байланыштуу тынчсыздануусун билдиргенин, мунасага келүү үчүн шарттар түзүлөт деп ишенгенин айтты.

Бир тараптан тышкы иштер министри Чавушоглу Берлинде Даниянын тышкы иштер министри Жеппе Кофод менен жолугушту.

Чавушоглу Твиттердеги баракчасында: «Даниянын тышкы иштер министри Жеппе Кофод менен НАТОнун тышкы иштер министрлеринин расмий эмес жыйынынын алкагында жолугуштук»,-деп бөлүштү.

Чавушоглу кечээ кечинде Швеция жана Финляндиянын тышкы иштер министрлери менен эки өлкөнүн НАТОго мүчөлүк арыздарына байланыштуу үч тараптуу жолугушуу өткөрдү.



Тектеш кабарлар