Эрдоган: «Орусия Украинага куралдуу кол салууга жана оккупациялоого барбайт деп үмүттөнөм»
Президент Эрдоган жеке телеканалда күн тартибине баа берди.
Президент Режеп Таййип Эрдоган: «Орусия Украинага куралдуу кол салууга жана оккупациялоого барбайт деп үмүттөнөм», - деди.
Президент Эрдоган жеке телеканалда күн тартибине баа берди.
Эрдоган Орусия-Украина чыңалуусу тууралуу: «Эки лидерди (Орусия менен Украинанын президенттери Владимир Путин менен Владимир Зеленский) эгер алар кааласа өлкөбүздө жолугуштуруп, тынчтык чөйрөсүн калыбына келтирүүгө жол ача алабыз»,-деп айтты.
«Өлкөбүз Украинанын аймактык бүтүндүгүн жана эгемендигин башынан эле колдоп келген. Биздин мамилебизди өзгөртүү мүмкүн эмес»,-деген Эрдоган: «Орусия Украинага куралдуу кол салууга жана басып алууга барбайт деп үмүттөнөм. Мындай кадам Орусия жана биздин аймак үчүн акылдуу кадам боло албайт»,-деп билдирди.
Түркияны көрмөксөнгө салган эч бир долбоордун Чыгыш Жер Ортолук деңизде ийгиликтүү болушунун мүмкүн эмес экенин белгилеген Эрдоган Израиль менен карым – катнаштарга токтолду.
Израилдик кесиптеши Ицхак Герцогдун февраль айынын башында Түркияга келе турганын белгилеген Эрдоган:«Бул сапар менен Түркия-Израиль карым-катнаштарында жаңы доор башталышы мүмкүн»,-деди.
Тектеш кабарлар
Акыркы бир жумада 54 террорист жок кылынды
Президент Режеп Таййип Эрдогандын Иракка сапары да террор менен күрөшүүдө кызматташтыкты ылдамдатты.