Түркия БАЭ жана Сауд Арабияга болгон кол салууларды айыптады

Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсү.

1767458
Түркия БАЭ жана Сауд Арабияга болгон кол салууларды айыптады

Түркия Бириккен Араб Эмираттары (БАЭ) менен Сауд Арабияга жасалган кол салууларды айыптады.

Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүндө: «24-январда баллистикалык ракеталар жана учкучсуз учуучу аппараттар менен Бириккен Араб Эмирликтери жана Сауд Арабиядагы жарандык буталарга каршы жасалган террордук кол салууну айыптайбыз. Эл аралык мыйзамдын бузулушун ачык түрдө көрсөткөн мындай кол салуулардын дароо токтотулушун талап кылабыз»,-делди.

Сауд Арабия, Жазан аймагына баллистикалык ракета менен жасалган жана эки киши жаракат алган кол салуунун Йемендеги хусилер тарабынан ишке ашырылганын кабарлаган болчу.

БАЭ болсо хусилер учурган 2 баллистикалык ракетанын абадан коргонуу системасы тарабынан таасирсиз абалга келтирилгенин, ракета калдыктарынын борбор шаар Абу-Дабинин айланасындагы ар башка аймактарга түшкөнүн, бирок адам өлүмү катталбаганын билдирген эле.



Тектеш кабарлар