Чавушоглу Анкарада Камел менен жолугушту
Чавушоглу Твиттерден маалымат берди.
1767413
Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу борбор шаар Анкарада Жер Ортолук деңиз биримдигинин баш катчысы Насер Камел менен жолугушту.
Чавушоглу Твиттердеги баракчасынан: «Аптаны Жер Ортолук деңиз биримдигинин баш катчысы Насер Камел менен Жер Ортолук деңиз аймагында ырааттуулук жана өнүгүү үчүн ташталышы мүмкүн болгон кадамдарды талкуулоо менен баштадык»,-деди.