Измирде мыйзамсыз мигранттар куткарылды

Мыйзамсыз мигранттар текшерүүдө кийин Облустук миграция башкармалыгына жөнөтүлдү.

1766068
Измирде мыйзамсыз мигранттар куткарылды

Измирдин Чешме районунун жээктеринде грек элементтери тарабынан Түркиянын аймактык сууларына сүрүлгөн 15 мыйзамсыз мигрант жээкке чыгарылды.

Жээк коопсуздук командирлигинин интернет сайтындагы билдирүүгө караганда, 19-январда Чешмеде кайыкта мыйзамсыз мигранттар бар деген маалымат боюнча кызматкерлер аймакка багытталды.

Кызматкерлер грек элементтери тарабынан Түркиянын аймактык сууларына сүрүлгөн кайыктагы 15 мыйзамсыз мигрантты куткарышты.

Мыйзамсыз мигранттар текшерүүдө кийин Облустук миграция башкармалыгына жөнөтүлдү.



Тектеш кабарлар