Эрдоган: «Путин менен Зеленскийди жолугуштурууну каалайбыз»

Президент Эрдоган борбор шаар Анкарага расмий сапар менен келген Сальвадордун президенти Наиб Букеле менен биргелеше маалымат жыйын өткөрдү.

1766015
Эрдоган: «Путин менен Зеленскийди жолугуштурууну каалайбыз»

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Орусиянын президенти Владимир Путин менен Ураинанын президенти Владимир Зеленскийди мүмкүн болушунча тезирээк жолугуштурууну жана бетме-бет сүйлөштүрүүнү каалаганын айтты.

Президент Эрдоган борбор шаар Анкарага расмий сапар менен келген Сальвадордун президенти Найиб Букеле менен биргелеше маалымат жыйын өткөрдү.

Эрдоган Сальвадор менен соода көлөмүн биринчи этапта 100 миллион долларга, кийинки беш жылда 500 миллион долларга жеткирүүнү максат кылгандарын айтты.

Жолугушуунун соңунда басма сөз кызматкерлеринин суроолоруна жооп берген Эрдоган, Орусия менен Украинанын карым-катнаштары тууралуу суроого: «Биз башка терс окуялар болбошу үчүн аймакта тынчтык өкүм сүрүшүн каалайбыз. Биздин үмүтүбүз Путин мырза менен Зеленскийди мүмкүн болушунча тезирээк жолугуштуруп, алардын бетме-бет сүйлөшүүсүн камсыз кылуу»,-деп жооп берди.

Эрдоган: «Путин мырзанын Түркияга сапарына да, менин Украинага сапарыма да чоң маани беребиз. Келерки айдын башында Украинага сапарым бар. Путин менен да жолугушам»,-деди.



Тектеш кабарлар