«Зайтун бутагы» аймагында 6370 террорист жок кылынды

Бул тууралуу Улуттук коргоо министрлигинен жазуу түрүндөгү маалымат берилди.

1765744
«Зайтун бутагы» аймагында 6370 террорист жок кылынды

Түрк куралдуу күчтөрү (ТКК) тарабынан 2018-жылдын 20-январынан бери Сирияда жүргүзүлгөн «Зайтун бутагы» операциясында 6 миң 370 террористтин жок кылынганы жарыяланды.

Улуттук коргоо министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта ТКК өлкөнүн түштүгүндө түзүлүшү пландалган террор коридорун жарып, ПКК/КЖК/ПЙД-ЙПГ жана ДЕАШ сыяктуу террордук уюмдарды таасирсиз кылуу менен аймактын калкын куугунтуктан куткаруу жана чек ара коопсуздугун камсыз кылуу үчүн 4 жыл мурда «Зайтун бутагы» операциясын жүргүзгөнү эскерилди.

Билдирүүдө Түркиянын эл аралык укуктан келип чыккан коргонуу укугунун алкагында 2018-жылдын 20-январында башталган операциянын алкагында түрк куралдуу күчтөрү тарабынан аймакта жалпы 6370 террорист жок кылынды. 1859 чарчы километр аянттын да коопсуз абалга келтирилгени, террористтердин аймактан тазаланышынан кийин кеңири мина жана колго жасалган жардыруучу заттардын тазаланганы, жашоонун нормалдашуусу үчүн гуманитардык жардам жана инфраструктураны колдоо иш-чараларынын жүргүзүлгөнү белгиленди.



Тектеш кабарлар