Чавушоглу журналисттердин суроолоруна жооп берди

Чавушоглу кечээки кабинет жыйынынан кийин журналисттердин суроолоруна жооп берди.

1765886
Чавушоглу журналисттердин суроолоруна жооп берди

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Армения менен болгон экинчи жолугушууда ишенимди арттыруучу кадамдардын сүйлөшүлө турганын айтты.

Чавушоглу кечээки кабинет жыйынынан кийин журналисттердин суроолоруна жооп берди.

Түркия-Армения карым-катнаштарынын нормалдашуу процесси тууралуу суроого Чавушоглу, атайын өкүлдөрдүн биринчи жолугушууда процесстин башталышынын максаттарын жана эмнелер күтүлгөнүн сүйлөшкөндөрүн айтты.

Чавушоглу: «Армения менен максат толук нормалдаштыруу. Биз муну түшүндүрдүк. Армения да буга абдан ыраазы. Бирок толук нормалдашууга алып баруучу процессте аба каттамдарын баштоо жана атайын өкүлдөрдү дайындоодон башка кандай кадамдар жасалышы мүмкүн бул тууралуу атайын өкүлдөр кийинки жолугушууда иш алып барышат жана ишенимди арттыруучу кадамдар талкууланат»,-деди.

Тышкы иштер министри Украина менен Орусиянын ортосундагы чыңалууга байланыштуу суроого да аймактагы чыңалуунун азайышын үмүт кылгандарын белгилеп, чечүүчү жол үчүн диалогго ишарат кылды.

«НАТО-Орусия жана АКШ-Орусия диалогу бул темада чечүүчү болот»,- деген Чавушоглу НАТОнун Орусияга оозеки жооп бергенин, Орусиянын сунуштарына да жазуу жүзүндө жооп берерин айтты.

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкендин Швейцариянын Женева шаарында жолугуша турганын эске салган Чавушоглу: «Чыңалуу уланууда жана олуттуу. Биз да байланыштарыбызды улантабыз. Максат чыңалууну азайтуу»,-деп билдирди.



Тектеш кабарлар