Жээк коопсуздук топтору мыйзамсыз мигранттарды куткарды

Балыкесир жээгинде грек элементтери тарабынан Түркиянын аймактык сууларына сүрүлгөн 36 мыйзамсыз мигрант кургактыкка чыгарылды.

1765215
Жээк коопсуздук топтору  мыйзамсыз мигранттарды куткарды

Балыкесир жээгинде грек элементтери тарабынан Түркиянын аймактык сууларына сүрүлгөн 36 мыйзамсыз мигрант кургактыкка чыгарылды.

Жээк коопсуздук командирлигинин интернет сайтындагы билдирүүгө караганда, Айвалык районуна жакын жерде  резина кайыкта бир топ мыйзамсыз мигранттардын бар экени тууралуу кабар алган топтор аймакка барышты. 

Жээк коопсуздук тобу, грек элементтери тарабынан түрк сууларына сүрүлгөн резина кайыктагы 36 мыйзамсыз мигрантты куткарды.

Мыйзамсыз мигранттардын Жунда аралындагы жээк коопсуздук командирлик борборуна алып барылгандыгы билдирилди. 


 



Тектеш кабарлар