Мустафа Шентоптун Катардагы жолугушуулары

Түркия  Улуттук Парламентинин спикери Мустафа Шентоп Дохадагы расмий жолугушууларынын алкагында Катар кеңешинин спикери Хасан бин Абдуллах аль Ганим менен жолугушту.

1765381

Катардын расмий агенттиги QNAнын кабарына караганда, Шентоп - Ганим жолугушуусунда эки өлкөнүн карым - катнаштары жана парламенттер аралык кызматташтыкты бекемдөө мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.

Жолугушууда Түркия менен Катар парламенттеринин ортосундагы кызматташтыкты арттыруу максатында макулдашуу  меморандумуна кол коюлду.

Катар Шура кеңешинин төрагасы Ганим бул макулдашуу меморандумунун эки боордош өлкөнүн парламенттеринин ортосундагы карым - катнаштардын бекемделишине салым кошоорун белгиледи.

Ганим ушундайча Катар менен Түркиянын ортосундагы карым - катнаштар жана кызматташтыктын жаңы чыйырларды ача турганына көңүлдөрдү  буруп : «Бул өз ара макулдашуу  меморандуму да эл аралык жыйындардагы жалпы позицияларды координациялоого салым кошот», - деди.

Тектеш кабарлар