Эрдоган: «Ооганстанга 700 тонна чукул жардам ташыган жакшылык поездин жөнөтөбүз»

Президент Эрдоган борбор шаар Анкарадагы Президенттик комплексте өткөн министрлер кабинетинин жыйынынан кийин билдирүү жасады.

1765371
Эрдоган: «Ооганстанга 700 тонна чукул жардам ташыган жакшылык поездин жөнөтөбүз»

Президент Режеп Таййип Эрдоган Түркиянын Ооганстанга азык-түлүк, кийим-кече жана ден-соолук азыктарынан турган 700 тонна чукул жардам ташыган жакшылык поездин жөнөтө турганын айтты.

Президент Эрдоган борбор шаар Анкарадагы Президенттик комплексте өткөн министрлер кабинетинин жыйынынан кийин билдирүү жасады.

Ооганстанда 13 миллиону балдар болгон 19 миллионго жакын адамдын чукул арада азык-түлүк тартыштыгы бар экени белгилүү болгонун белгилеген Эрдоган: «Кырсыктарды жана өзгөчө кырдаалдарды башкаруу башкармалыгынын (AFAD) координациясында 10 бейөкмөт уюмдун (БӨУ) колдоосу менен бул өлкөгө 700 тонна азык-түлүк, кийим-кече, ден-соолук жана шашылыш муктаждык азыктарын ташыган жакшылык поездин жөнөтүүгө даярданып жатабыз. Биздин бейөкмөт уюмдар жана жарандар тарабынан бериле турган бул жүктөр Ооганстанга жеткирилет»,-деп айтты.

Европа жана Америка Кошмо Штаттары (АКШ) баш болгон дүйнөнүн коронавирустун жаңы түрүнүн (Ковид-19) Omicron варианты менен жапа чегип жатканын билдирген Президент: «Саламаттык сактоо системабыз бардык муктаждыктарды канааттандыра турган күчкө ээ. TURKOVAC вакцинабыздан улам эми өзүбүзгө көбүрөөк ишеним менен карайбыз. Түркия жакынкы келечекте бул тармакта маанилүү борборго айланат деп үмүттөнөбүз»,- деди.



Тектеш кабарлар