Эрдогандын Албаниядагы жолугушуулары...

Президент Эрдоган борбор шаар Тиранада келишимдерге кол коюу аземинен кийин Албаниянын премьер-министри Эди Рама менен биргелешкен маалымат жыйынында сөз сүйлөдү.

1764377
Эрдогандын Албаниядагы жолугушуулары...
Cumhurbaşkanı Erdoğan Arnavutluk'ta 02.jpg
erdoğan.jpg
Cumhurbaşkanı Erdoğan Arnavutluk'ta 04.jpg

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Түркиянын Балкан өлкөлөрүнүн тынчтыгы жана бейпилдиги үчүн өз милдетин аткарганы сыяктуу, мындан ары дагы ошондой эле түрдө тынчтык жана бейпилдиктин кепилдиги боюнча кепил өлкөлөрдүн бири экенин айтты.

Президент Эрдоган борбор шаар Тиранада келишимдерге кол коюу аземинен кийин Албаниянын премьер-министри Эди Рама менен биргелешкен маалымат жыйынында сөз сүйлөдү.

Эрдоган Эди Рама менен болгон жолугушууларында Фетуллахчы террор уюму (ФЕТӨ) менен күрөшкө токтолгондорун айтып: «Албанияда ФЕТӨнүн дагы эле бир иш-аракет аймагын таба алышы бизди катуу жаралайт. Биз тезирээк кадам ташталышын күтөбүз”,-деди.

Рама менен Балкандагы абалды да сүйлөшкөндөрүн баса белгилеген Эрдоган, бул жердеги тынчтык жана бейпилдикке чоң маани беришкенин айтты.

Эрдоган:«Биз Балкан өлкөлөрүнүн тынчтыгы жана бейпилдиги үчүн өз милдетин аткарганы сыяктуу, мындан ары дагы ошондой эле түрдө тынчтык жана бейпилдиктин кепилдиги боюнча кепил өлкөлөрдүн бирибиз»,- деди.

Рама болсо: «Түркия-Албания карым-катнаштары Албанияда же Европа Биримдигинде (ЕБ) эч кимдин тынчын алышына ишенбейм. Анткени бул салттуу мамиле»,-деди.

Президент Эрдоган  Рама менен жолугушкандан кийин Албания парламентине кайрылды.

Албаниянын Балкандагы ролун жогору баалагандарын баса белгилеген Эрдоган:«Түрк улуту мурдагыдай эле бүгүн да Албаниянын жанында. 1923-жылы биз түзгөн алгачкы достук келишимдеринин бири Албания менен болгон. Түркия менен Албания кол кармашканда жеңе албаган көйгөй, чече албаган көйгөйлөр, жете албаган максаттары калбайт»,-деди.

Эрдоган жаңы түрдөгү коронавируска (Ковид-19) каршы иштелип чыккан атамекендик вакцина TURKOVAC менен Албаниянын жанында дайыма боло тургандарын айтты.

Эрдоган Тиранада Түрк кызматташтык жана координация агенттиги (ТИКА) тарабынан реставрацияланган «Этхем Бей» мечитинин ачылышына да катышты.

Ачылышта сүйлөгөн сөзүндө Эрдоган:«Түркия менен Албаниянын биргелешкен тарыхый жана маданий мурасы болгон «Этхем Бей» мечити да Тирананын асыл ташы. Ошондой эле Рамазан айына (2-апрель) чейин Намазгах мечитин да бүтүрөбүз. Балканда Түркия менен Албаниянын жеңе албаган эч бир көйгөй жок экенине ишенем»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар