Эрдоган Россия - Украина чыңалуусу тууралуу билдирди

Президент Режеп Таййип Эрдоган Россиянын Украинаны оккупацияга алышын реалдуу деп эсептебей тургандыгын айтты.

1764576
Эрдоган Россия  -  Украина чыңалуусу тууралуу билдирди

Президент Режеп Таййип Эрдоган Россиянын Украинаны оккупацияга алышын реалдуу деп эсептебей тургандыгын айтты.

Албания сапарынын аягында журналисттердин суроолоруна жооп берген президент Эрдоган Россия менен Украинанын ортосундагы чыңалууга баа берди.

Россиянын Украинага басып киришин реалдуу деп эсептебегендигин айткан Эрдоган, Украинанын катардагы өлкө эмес экендигин, Украинанын күчтүү өлкө экенин айтты.

Президент Россия оккупацияга барышы үчүн бүткүл дүйнөдөгү кырдаалды жана өзүнүн абалын карап чыгышы керектигин баса белгиледи.

Украинага барган Азербайжандын президенти Илхам Алиев менен сүйлөшө турганын белгилеген Эрдоган, бул маселелер тууралуу Россиянын  президенти Владимир Путин менен талкуулоо керектигин айтты.

Эрдоган сөзүн төмөнкүчө улантты : «Анткени бул өлкөлөр эми согушту кабыл ала албайт. Булар туура да болбойт. Биз согушту саясат тарыхынан жок кылышыбыз керек. Мен бир жердин территориясын басып алайын деген аң  - сезим менен бул иштер жүрбөйт. Мисалы Россия Украинада эмне кылды? Крымды аннекциялады. Ар  дайым Крымдын оккупациясына каршы экендигибизди урматтуу Путин менен өткөргөн сүйлөшүүлөрдө өзүнө  айтып келем. Тышкы иштер министрлигибиз да  кесиптешине айтып келет. Тактап айтканда бул тууралуу биздин саясатыбыз белгилүү».

Президент Эрдоган АКШнын  Грециянын Чыгыш Жер Ортолук деңизинде Израил жана Кипрдин Рум бөлүгү менен бирге пландаган EastMed куур долбоорунан колдоосун алуусуна да  сереп салды.

«Бул долбоор негизинен боло турган иш эмес»,- деген Эрдоган АКШнын чыгым эсептери боюнча баа берип бул долбоорго оң карабагандыгын айтты.

Түркия болбостон мындай долбоордун болбой тургандыгын баса белгилеген Эрдоган : «Анткени бул жерден Европага газ бара турган болсо бир гана Түркия аркылуу болот»,- деди.



Тектеш кабарлар