Түркия Багдадда болгон кол салууларды айыптады

Бул туралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.

1762954
Түркия  Багдадда болгон кол салууларды айыптады

 Түркия Ирактын борбор шаары Багдаддагы кол салууну айыптады.

Тышкы иштер министрлигинен берилген маалыматта кечээ Багдадда жана андан мурунку күнү айрым саясий өкүчүлүктөр менен чет элдик өкүчүлүктөр жайгашкан Жашыл аянтты бутага алган кол салуулардын тынчсыздануу жараткандыгы жана айыпталгандыгы белгиленди.

Кол салууларда жаракат алгандардын бат айыгып кетиши каалаганга билдирүүдө : «Коңшубуз Ирактагы өкмөт куруу иштеринин макулдашуунун негизинде өз убагында акырына чыгышы өлкөдө туруктуу тынчтык жана туруктуулуктун түзүлүшү үчүн чоң мааниге ээ. Бул  орчундуу процесске катышкан бардык тараптарга сабырдуулукту сунуштайбыз»,- деп билдирилди.

Маалыматта Түркиянын Иракта коопсуздук жана туруктуулуктун түзүлүшүнө карата күчтүү колдоосун улантары да баса белгиленди.

Багдаддагы кол салууларда 2 кишинин жараланганы маалымдалган.



Тектеш кабарлар