Ливандын премьер - министри Түркияга сапар менен келет

Ливандын Тышкы иштер министрлигинен берилген маалыматка караганда тышкы иштер министри Абдуллах Бухабиб Түркиянын Бейрут элчиси Али Барыш Улусой менен жолугушту.

1762951
Ливандын премьер  - министри Түркияга сапар менен келет

Ливандын премьер - министри Нажиб Микати расмий жолугушууларды  өткөрүү үчүн   февраль айында Түркияга келет.

Ливандын Тышкы иштер министрлигинен берилген маалыматка караганда тышкы иштер министри Абдуллах Бухабиб Түркиянын Бейрут элчиси Али Барыш Улусой менен жолугушту.

Бухабиб менен Улусойдун Ливандын премьер  - министри Микатинин коштоосунда бир делегация менен февраль айынын башында Түркияга жасай турган сапары тууралуу сүйлөшкөндөрү белгиленди. 

Жолугушууда эки өлкөнүн кызматташтыгы, түрк жарандарынын Ливанга баруусуна шыктандырылышы жана Ливандын айыл чарба продукцияларынын Түркияга экспорту да күн тартибинде экендиги  билдирилди.

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу 17 - ноябрда Бейрут сапары учурунда эки өлкөнүн ортосундагы кызматташууну сүйлөшүү үчүн Микатини Түркияга чакырган.


 



Тектеш кабарлар