Түркия - Армения жолгушуусу

Тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу 13 - декабрда Түркия Улуттук Парламентинде сүйлөгөн сөзүндө Түркия - Армения карым-катнаштарында жаңы доордун башталганын белгилеген.

1762880
Түркия  -  Армения жолгушуусу

Түркия менен Армения толук нормалдашуу максатында эч кандай шартсыз сүйлөшүүлөрдү улантат.

Түркиянын Армениядагы атайын өкүлү, элчи Сердар Кылыч менен Армениянын атайын өкүлү Рубин Рубинян Россиянын борбор шаары Москвада жолугушуп, эки өлкөнүн ортосундагы карым – катнаштардын нормалдашуусу тууралуу сүйлөштү.

Биринчи жолугушуудан кийин жазуу түрүндө маалымат берген Түркиянын Тышкы иштер министрлиги, атайын өкүлдөрдүн оң жана конструктивдүү маанайдагы биринчи жолугушуусунда Түркия менен Армениянын ортосундагы диалог аркылуу ишке ашырыла турган нормалдашуу процесси тууралуу алдын ала пикир алмашкандарын билдирди.

Маалыматта : «Тараптар сүйлөшүүлөрдү эч кандай шартсыз толук нормалдаштыруу максатында улантуу боюнча макулдашты. Атайын өкүлдөрдүн экинчи жолугушуусу боло турган жер жана күнү кийинчерээк дипломатиялык каналдар аркылуу белгиленет»,- деп маалымдалды.

Дипломатиялык булактар ​​Москвадагы эки тараптуу жолугушуунун бир жарым саатка созулганын билдиришти.

Тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу 13 - декабрда Түркия Улуттук Парламентинде сүйлөгөн сөзүндө Түркия - Армения карым-катнаштарында жаңы доордун башталганын белгилеген.

Элчи Сердар Кылыч 15 - декабрда Түркия Республикасынын Армения Республикасындагы атайын өкүлү болуп дайындалды.

Армения да Түркия менен карым - катнаштарды жөнгө салуу алкагында парламенттин төрага орун басары Рубен Рубинянды атайын өкүл кылып дайындаган.



Тектеш кабарлар