Президент Эрдоган «Гризу – 263Анын» учурулушу тууралуу соцтармактан маалымат берди
Эрдоган долбоорго катышкандарды куттуктады.
1762410
Президент Р. Т. Эрдоган Түркиянын алгачкы «чөнтөк спутниги» «Гризу – 263Анын» кечээ космоско учурулушуна байланыштуу соцтармактан маалымат берди.
Эрдоган твиттерден берген маалыматында «2019 - TEKNOFEST жарышында моделдик спутник иштеп чыккан Гризу - 263А мини спутниги SpaceX тарабынан бүгүн космоско учурулду. Бул долбоорго Түркиядан биринчи жолу ийиликтүү катышкан жаштарыбызды, мугалимдерибизди жана колдоо көрсөткөн мекемелерибизди куттуктаймын»,-деп жазды.