Илхам Алиев Эрдоганга куттуктоо жиберди

Азербайжандын президенти Илхам Алиев Түркия менен өлкөсүнүн ортосундагы дипломатиялык карым - катнаштын 30 жылдыгынан улам президент Режеп Таййип Эрдоганга куттуктоо  жиберди.

1762633
Илхам Алиев Эрдоганга куттуктоо жиберди

Азербайжандын президенти Илхам Алиев Түркия менен өлкөсүнүн ортосундагы дипломатиялык карым - катнаштын 30 жылдыгынан улам президент Режеп Таййип Эрдоганга куттуктоо  жиберди.

Алиев Азербайжандын президенттигинин расмий сайтында жарыяланган билдирүүсүндө эки өлкөнүн ортосунда 1992 - жылдын 14 - январында дипломатиялык карым - катнаштардын түзүлгөнүн эске салып, Эрдоганды жана боордош түрк элин бул маанилүү күн менен чын жүрөктөн куттуктагандыгын билдирди.

Түркия менен дипломатиялык карым - катнаштын түзүлүшү Азербайжандын тарыхында маанилүү окуя болгонун белгилеген Алиев : «20 - кылымда экинчи жолу эгемендүүлүккө ээ болгон Азербайжанды Түркиянын биринчи тааныган мамлекет болушу жана андан кийин дипломатиялык мамилелердин түзүлүшү чыныгы бир туугандыктын жана тилектештиктин үлгүсү катары элибиздин улуттук эсинде түбөлүккө сакталып калды”,- деди.

Алиев Азербайжан  -  Түркия карым -  катнаштарынын акыркы мезгилде чоң өнүгүү көрсөтүүсүнөн сыймыктангандыгын белгилеп, эки өлкөнүн тарыхый сынактардан сыймыктуу, башы тик чыккандыгын, «бир улут, эки мамлекет» принцибинин рухуна берилгендигин дагы бир жолу тастыктагандыгын жана аны жашаткандыгын белгиледи.

Түрк жана азербайжан элдеринин кылымдардан бери келе жаткан биримдиги жана достугу сыяктуу бекем негиздерге курулган мамлекеттер аралык мамилелердин эң жогорку деңгээлде экенин белгилеген Алиев 2021 - жылдын июнь айында Шушада карым - катнаштарды союздаштык деңгээлге алып келген декларацияга кол коюлушун «бузулбас биримдигибизди бекемдеген маанилүү тарыхый кадам» деп мүнөздөдү.

Алиев президент Эрдоганга жолдогон куттуктоосунда : "Дүйнө жүзүндө кайталангыс жана достуктун, бир туугандыктын эң мыкты үлгүсү болгон Азербайжан - Түркия карым  - катнаштарынын жана союздаштыгынын өнүгүшүнө, чыңдалышына сиздин кылган кызматыңыз баа жеткис. Азербайжандын аймактык бүтүндүгүн камсыз кылуу боюнча сиздин чечкиндүү жана так позицияңыз, биздин ишибизге чексиз колдооңуз бизге ар дайым моралдык жана кошумча күч берди.

Азербайжан эли 44 күнгө созулган Ата Мекендик согуштун алгачкы сааттарынан акыркы мүнөттөрүнө чейин сиз, Түркия Республикасы жана боордош түрк элинин көрсөткөн моралдык колдоосун жана тилектештигин эч качан унутпайт. Баскынчылардан бошотулган жерлерди калыбына келтирүү иштеринде Түркия менен бирдикте  иштешибиз бизди кубандырат. Биз боордош Түркиянын бардык маселеде жана ар дайым жанында болууну улантабыз»,-деди.



Тектеш кабарлар