Эрдоган ТЖГ Уфук кемесинин ишке кирүү аземине катышты

Президент Р. Т. Эрдоган Түркия ишке ашырган коргоо өнөр жайынын сатып алуулары менен аймагында оюн курган жана ойнолгон ыплас оюндарды бузган бир өлкө болгондугун айтты.

1762877
Эрдоган ТЖГ Уфук кемесинин ишке кирүү аземине катышты

Президент Р. Т. Эрдоган Түркия ишке ашырган коргоо өнөр жайынын сатып алуулары менен аймагында оюн курган жана ойнолгон ыплас оюндарды бузган бир өлкө болгондугун айтты.

Стамбул кеме куруу заводунда сыноо жана машыгуу кемеси ТЖГ "Уфуктун" ишке кирүү аземине катышкан Эрдоган бул жерде сөз сүйлөдү.

«Коргонуу өнөр жайыбыздын орчундуу долбоорлору менен 2022 -жылга киргенибизге ишенем»,- деген Эрдоган сөзүн төмөнкүчө улантты : «Түркия ишке ашырган коргонуу өнөр жайынын сатып алуулары менен аймагында оюн курган жана ойнолгон ыплас оюндарды бузган өлкө болду. Жетишкен ийгиликтерибиз менен аймагында сөз ээси өлкө болдук. Эми көзүбүз космосто. Космостук тармакта да керек болсо учуруу системаларын, керек болсо спутник системаларын чыгарууга карата иштерибиз улантылууда».

Түркиянын мыкты коргонушунун көгүлтүр мекендин мыкты корголушу менен мүмкүн болорун баса белгилеген президент : «Деңиз флотубузду күчтүү кыла турган бир топ долбоорду ишке ашырдык. Өлкөбүздүн биринчи чалгындоо кемеси «Уфук» улуттук инженердик мүмкүнчүлүктөр менен курулган аскердик кеме. Учурда өлкөбүз дүйнөдөгү 10 өлкөнүн катарына кирет. Өлкөбүздүн биринчи чалгындоо кемеси «Уфук» улуттук инженердик мүмкүнчүлүктөр менен курулду. Өлкөбүз азыркы учурда дүйнөдө бир аскердик кемени улуттук кеме катары долбоорлоп, куруп жана сактай алган 10 өлкөнүн арасында орун алууда. Өлкөбүздүн кеме заводдорунда өз муктаждыктарыбыз менен бирге дүйнө үчүн да кемелер менен катерлер жасалып жатат. Ушул кезге чейин 25 өлкөгө 180 оффшордук платформаны экспорттодук»,- деди.

TF - 2000 абадан коргонуу эсминеци үчүн тендердин жакында баштала турганын билдирген Эрдоган: «Максатыбыз коргонуу өнөр жайында толук көз карандысыз Түркия болуу. Дүйнөдө абдан аз чалгындоо уюму ээ болгон бул кеменин жардамы менен деңиздерде да күчүбүздүн артаарына ишенем. Уюмубуздун кийинки максаты спутник системалары менен космосто орун алып бул элементтерди таасирдүү колдонуу болот. Бул күнгө чейин болгондой алдыдагы мезгилде да уюмубузду бардык тармакта колдоп чоң жана күчтүү Түркиянын курулушунда күрөшүбүзгө дагы көп салым кошобуз»,- деди.

 

 

 



Тектеш кабарлар