Түркиянын алгачкы "чөнтөк спутниги" космоско учурулду

Спутниктин 4 жыл 8 ай жердин жапыз орбитасында кызмат кылуусу пландалууда.

1762341
Түркиянын алгачкы "чөнтөк спутниги" космоско учурулду

Түркиянын биринчи «чөнтөк спутниги» 'Гризу -263A' космоско учурулду.

«Гризу-263А» Түркия убактысы боюнча саат 18:25те Америка Кошмо Штаттарынын Флорида штатындагы Канаверал тумшугундагы базадан ийгиликтүү учурулду.

Зонгулдак Бүлент Эжевит университетинин инженердик факультетинин студенттеринен турган «Гризу-263» космостук командасы тарабынан негизги байланыш каражаттарын ишке ашыруу үчүн долбоорлонгон спутник Space X компаниясына таандык Falcon 9 ракетасы менен космоско жөнөтүлдү.

1992 - жылы 3 - мартта Зонгулдакта болгон жарылууда каза болгон шахтерлордун ысымдары менен космостук сапарга чыккан спутниктин 4 жыл 8 ай  жердин жапыз орбитасында кызмат кылуусу пландалууда.



Тектеш кабарлар