Түркия Грециянын президентинин сөзүн сынга алды

Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү билдирүүдө маалымдалды.

1761915
Түркия Грециянын президентинин сөзүн сынга алды

Түркия Грециянын президенти Катерина Сакеларопулунун ачылыш аземинде сүйлөгөн сөзүн сынга алды.

Тышкы иштер министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта Грециянын президентинин Сакеларопулунун Афинанын Эллинико-Агрируполи районунда 2012-жылы курулушу пландалган «Сүрмене Дүйнө Понтус эллинизми сарайынын» ачылыш аземинде Түркиянын жакынкы тарыхына карата айткан негизсиз сөздөрү бактысыздык катары белгиленди.

Билдирүүдө,«Бул дооматтар, Анадолуну басып алууга жана ээлөөгө аракет кылган Греция экенин, грек армиясынын адамзатка, өзгөчө Батыш Анадолу аймагындагы бейкүнөө жарандарга каршы жапайы кылмыштарды жасаганын өзгөртпөйт. Антанта мамлекеттеринин тергөө комиссиясынын отчетунда да катталган бул кылмыштардын себебинен Грецияга Лозанна тынчтык келишиминин  59-беренесине караганда согуш мыйзамдарына карама-каршы келген аракеттерден келип чыккан зыяндын ордун толтуруу милдети киргизилгенин дагы бир жолу эскертебиз»,делди.

Билдирүүдө Грециянын жалган жалааларынын эки өлкөнүн ортосундагы маселелердин чечилиши үчүн чын ыкластуу жана чынчыл диалог чөйрөсүн түзүүгө карай кадамдарга көлөкө түшүргөндүгү баса белгиленип, «Мындай мамиле жана жүрүм-турум мамлекеттик кызматкерлерден күтүлгөн милдеттерге туура келбейт. Бул контекстте биз коңшубуз Грецияны дагы бир жолу акыл-эстүүлүккө жана конструктивдүү түшүнүүгө чакырабыз»,-деп айтылды.



Тектеш кабарлар