Түрк аба жолдору Казакстанга каттамдарын баштады

THY тарабынан борбор шаар Нур Султанга уюштурулган каттамга 238 жүргүнчү катышты.

1762244
Түрк аба жолдору Казакстанга каттамдарын баштады

Түрк аба жолдору (THY) өлкөдөгү окуялардан улам убактылуу токтоткон Казакстанга пландуу каттамдарын кайра баштады.

Алынган маалыматка караганда THY тарабынан борбор шаар Нур Султанга уюштурулган каттамга 238 жүргүнчү катышты. Нур Султандан Стамбулга келген учакта 169 жүргүнчү болгону белгилүү болду. Стамбул-Алматы рейсинин бүгүн түнү жүргүзүлүшү пландаштырылууда.

Анталья-Алматы багытындагы пландуу рейстин 15-январда ишке ашырылышы күтүлүүдө. Казакстанга учулган берки жер болгон Актауга каттамдар 14-январдан тарта аткарылат.

Кайрадан пландалган каттамдардын бул өлкөдөгү жетекчилер менен сүйлөшүүлөрдүн алкагында пландалганы маалымдалды.



Тектеш кабарлар