Турковактын Короновакка караганда дагы көбүрөөөк коргоочу экендиги билдирилди

Жаңы тип коронавирус Ковид  - 19га каршы иштелип чыккан  ата мекендик Турковак вакцинасынын Кытайдын вакцинасы Короновакка караганда 49 пайызга көбүрөөк коргоочу экендиги белгиленди.

1761417

Турковактын фаза  -  3 изилдөө жыйынтыктары билдирилди. Жыйынтыкка караганда фаза  -  3 иликтөөлөрүндө ыктыярдуулардын жарымына Турковак жарымына да Коронавак рандомизацияланды. Ыктыярдууларга 28 күн аралык менен 2 доза вакцина  берилди.

Изилдөөнүн натыйжасында 1286 кишиге кеминде бир доза изилдөө вакцинасы, 1158 кишиге да экинчи доза вакцина берилди.

Жалпысынан  Турковак жана Короновак менен бирге 2444 доза вакцина берилди. Эффективдүүлүктү анализдөө 1182 ыктыярдууда жүргүзүлдү. 

Изилдөөдө ата мекендик вакцина Турковактын Короновакка караганда 49 пайызга көбүрөөк  коргоочу экендиги белгиленди.

Тектеш кабарлар