Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын Казакстан тууралуу билдирүүсү жарыяланды

Парламент төрагасы Мустафа Шентоп менен Адилеттик жана өнүгүү партиясы, Жумурият элдик партиясы (CHP), Улутчул кыймыл партиясы (MHP) жана ИЙИ партиясы Казакстанга колдоо көрсөтүү билдирүүсүн жарыялады.

1761715
Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын Казакстан тууралуу билдирүүсү жарыяланды

Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын (TBMM) Башкы жыйынында Казакстандагы зомбулук аракеттерин айыптаган декларация кабыл алынды.

Парламент төрагасы Мустафа Шентоп менен Адилеттик жана өнүгүү партиясы, Жумурият элдик партиясы (CHP), Улутчул кыймыл партиясы (MHP) жана ИЙИ партиясы Казакстанга колдоо көрсөтүү билдирүүсүн жарыялады.

Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын жалпы жыйынында окулган биргелешкен билдирүүдө боордош Казакстандагы окуялардын тынчсыздануу менен байкалганы белгиленди.

Казакстандын ырааттуулугу жана тынчтыгы Түркиянын тынчтыгы сыяктуу маанилүү экени баса белгиленген билдирүүдө: «Казакстандыктардын акыл-эстүүлүгүнүн жана жетекчилигинин кыраакы мамилесинен улам окуялардын тынчып, өлкөдөгү кырдаал калыбына келе баштаганы бизди кубандырат. Окуяларда каза болгон казак бир туугандарга Аллахтан ырайым тилейбиз. Кайгылуу үй-бүлөсүнө көңүл айтабыз жана алардын жакындарына сабырдуулук, ал эми жарадар болгондорго тезирээк сакайып кетүүнү каалайбыз. Адам өмүрүнө коркунуч келтирген, коомдук тартипти бузган жана  мүлккө зыян келтирген зордук-зомбулуктарды айыптайбыз. Биз Казакстан жетекчилигинин элдин жыргалчылыгын жана бакубаттуулугун мындан ары жогорулатуу үчүн реформалоо күн тартибин колдойбуз. Ардагер мажлисибиз 15-июлдагы чыккынчылык төңкөрүш аракети (2016-жыл, Фетуллахчы террор уюму) учурунда казак бийлигинин көрсөткөн тилектештигин унутпайт.Көз карандысыздыгынын алгачкы күнүнөн баштап Казакстандын жанында болгон Түркия, мындан ары дагы Казакстандын, ал тургай аймактын жалпысы  үчүн өтө маанилүү болгон тынчтыгын жана туруктуулугун колдоого ар кандай жардам көрсөтүүнү улантат»,делди.



Тектеш кабарлар