Шентоп: «Түркия Крымдын мыйзамсыз аннексиясын тааныган эмес жана тааныбайт»

Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын (TBMM) төрагасы Мустафа Шентоп Украина-Түркия парламенттер аралык достук тобунун тең төрагасы Рүстем Умеров жана аны коштогон парламент делегациясын кабыл алды.

1761686
Шентоп: «Түркия Крымдын мыйзамсыз аннексиясын тааныган эмес жана тааныбайт»

Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын (TBMM) төрагасы Мустафа Шентоп Украина-Түркия парламенттер аралык достук тобунун тең төрагасы Рүстем Умеров жана аны коштогон парламент делегациясын борбор шаар Анкарада кабыл алды.

Шентоп кабыл алууда сүйлөгөн сөзүндө Түркиянын Украинадагы маселелердин тынчтык жолу менен чечилиши үчүн өз милдетин аткарууга даяр экенин айтып: «Украинанын аймактык бүтүндүгүн жана саясий эгемендигин толук колдой тургандыгыбызды дагы бир жолу ырастагым келет»,-деди.

Крым тууралуу,«Түркия Крымдын мыйзамсыз жана мыйзамдан тышкары аннексиясын тааныган эмес жана тааныбайт»,-деп айткан Шентоп,Крым татарларынын жергиликтүү калк статусунун парламентте таанылышынын маанилүү кадам экенин кошумчалады.

Армян тезистерин колдогон мыйзам долбоорлорунун артка алынышына ыраазы болгондугун билдирген Шентоп: «Мындай иштер менен мамилебизге көлөкө түшүргүсү келгендер азчылыкта экенин, Украинанын жетекчилиги бул маселеге башынан эле кыраакы жана принципиалдуу мамиле кылганын билебиз. Буларга каршы кыраакы мамиленин уланышын каалайбыз»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар