"Эрен кыш" операциялары ПККга катуу сокку урду

«Эрен кыш» операциялары кыштын катаал шарттарына карабастан ийгиликтүү уланууда.

1761405
"Эрен кыш" операциялары ПККга катуу сокку урду

Өлкөдө жикчил террордук уюм ПККга каршы жүргүзүлгөн 14 башка «Эрен кыш» операциясында ушул убакка чейин 20 террорист таасирсиз кылынды.

«Эрен кыш» операциялары кыштын катаал шарттарына карабастан ийгиликтүү уланууда.

Биринчи операция башталган 2021-жылдын 7-ноябрынан бери 1и тирүү 19у өлүү жалпы 20 террорист таасирсиз кылынды.

Жок кылынгандардын арасында издөөдө жүргөн террористтердин тизмесинде болгон жогорку даражалуу делген террористтердин айрымдары да бар.

Операцияларда ПКК колдонгон 339 үңкүр, баш калкалоочу жай жана кампа жок кылынды. Ошондой эле 86 курал, анын ичинде зениттик ракета аткычтар, миномёттор, алыс аралыкка атуучу куралдар, снайпердик мылтыктар жана от куралдары, 160 граната, 51 колго жасалган жардыргыч, 260 детонатор, 1 тонна 653 килограмм жардыргыч зат, 28 дүрбү, 22 рация, 20 миң 754 ок-дары жана көп сандаган буюмдар колго түшүрүлдү.



Тектеш кабарлар