Эрдоган: «Террор коркунучтарын булагында кургатууну улантабыз»

Президент, Адилеттик жана өнүгүү партиясынын (АК партия) төрагасы Эрдоган, партиясынын Түркия Улуу Улуттук Жыйынындагы (TBMM) фракциялык жыйналышында сөз сүйлөдү.

1761537
Эрдоган: «Террор коркунучтарын булагында кургатууну улантабыз»

 

Президент Режеп Таййип Эрдоган террор коркунучтарын булагында кургатууну уланта тургандарын айтты.

Президент, Адилеттик жана өнүгүү партиясынын (АК партия) төрагасы Эрдоган, партиясынын Түркия Улуу Улуттук Жыйынындагы (TBMM) фракциялык жыйналышында сөз сүйлөдү.

Сөзүндө террор менен ийгиликтүү күрөшкө токтолгон Эрдоган, өлкөгө каршы террор коркунучтарын булагында кургатууну уланта тургандарын баса белгиледи.

Эрдоган: «Кайсы жерде террор зонасы бар деп ойлосоңуз, ал жерге биз Мехметчик, жандармерия, полиция жана коопсуздук кызматкерлерибиз менен барабыз жана мындан ары да барууну улантабыз»,-деди.

Түркияны дүйнөнүн эң чоң 10 экономикасынын бири кылуу максатынын алкагында ар бир багытта чечкиндүүлүк менен жолун улантып жатышкандарын белгилеген Эрдоган:«Биздин приоритетибиз - жумуш менен камсыз кылууну көбөйтүү менен элибиздин ырыскысын камсыз кылуу жана максаттарыбызды бир-бирден ишке ашыруу»,-деди.

Эрдоган:« Жаңы типтеги коронавирустун (Ковид-19) эпидемиясынын таасири салыштырмалуу азайгандыктан дүйнөлүк сооданын өзгөрүшүн караганыбызда, өнүккөн өлкөлөрдүн маанилүү бөлүгү таблицанын терс бөлүгүндө көрсөтүлгөнүн көрөбүз. Түркия баш болгон өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн көбү таблицанын оң жагында орун алган. Жумуш менен камсыз болгондордун санын 30 миллионго жеткирген болушубуз, өлкөбүздү инвестиция, жумуш менен камсыз кылуу, өндүрүш, экспорт жана күндөлүк эсептин профицити аркылуу кеңейтүү стратегиябыздын тыкыр иштеп жатканын көрсөтүп турат. Биз бул жолдон эч качан артка кайтпайбыз жана мындан ары да алдыга койгон максаттарыбызга чечкиндүү кадам шилтейбиз»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар