Түркия Казакстанды колдойт

Өмер Челик, президент Эрдогандын жетекчилигиндеги Борбордук Аткаруу кеңешинин жыйналышы уланып жаткан учурда борбор шаар Анкарадагы партиянын башкы кеңсесинде билдирүүлөрдү жасады.

1760353
Түркия Казакстанды колдойт

Адилеттик жана өнүгүү партиясынын (АК Партия) төрага орун басары жана партиянын басма сөз катчысы Өмер Челик, президент Режеп Таййип Эрдогандын Казакстанга байланыштуу тыгыз дипломатия жүргүзүп жатканын айтты.

Челик, президент Эрдогандын жетекчилигиндеги Борбордук Аткаруу кеңешинин жыйналышы уланып жаткан учурда борбор шаар Анкарадагы партиянын башкы кеңсесинде билдирүүлөрдү жасады.

Челик президент Эрдогандын тыгыз дипломатия жүргүзүп жатканын белгилеп, Казакстандын биримдигинин жана бүтүндүгүнүн камсыз кылынышы жана окуялардын ашылып өтүлүшү үчүн колдоосун улантып жатканын билдирди.

Өмер Челик Казакстандын бул күндөрдү да жеңип, кыска убакыттын ичинде туруктуу жана күчтүү күндөрүнө кайтаарын үмүт кылгандарын айтты.

Суюлтулган мунай газынын кымбатташы жана социалдык-экономикалык абал начарлады деген негизде 2-январда башталган нааразылык демонстрацияларында коопсуздук күчтөрү да болгон ондогон адам каза болду.

Казакстандын президенти Токаев нааразылык акциялары үчүн айыпталган өкмөттүн отставкасын кабыл алган.

Нааразылык акциялары жайылгандыктан өлкө боюнча өзгөчө кырдаал жарыяланган.



Тектеш кабарлар