Түркали-1 кудугунда агым сыноосу ийгиликтүү аяктады

Жаратылыш газынын суткалык агымы 1 миллион 150 миң куб метрди түздү.

1760694
Түркали-1 кудугунда агым сыноосу ийгиликтүү аяктады

Түрк мунайзат корпорациясы (TPAO), Сакария газ кениндеги Түркали-1 аныктоо кудугунда биринчи резервуар деңгээлинде (R2) газ агымынын сыноосун ийгиликтүү аяктады.

TPAOнун Твиттер баракчасындагы билдирүүгө караганда, Түркали-1 ультра терең деңиз аныктоо кудугунда 2 миң 143 метр суу тереңдигинде, 3 миң 920 метр акыркы тереңдикке жетти.

TPAO Батыш Кара деңиз аймагындагы Сакария газ кениндеги ультра терең деңизде жайгашкан Түркали-1 аныктоо кудугунда, биринчи кудук агымынын сыноосун аяктады. Жаратылыш газынын суткалык агымы 1 миллион 150 миң куб метрди түздү.

Сыноолордун алкагындагы анализдерге жана маалыматтарга ылайык, кудукта суткасына 2,7 миллион куб метр газ өндүрүү потенциалына ээ.

Кендеги кудук агымынын сыноолору 2020-жылы TPAO инвентаризациясына кошулган «Кануни» бургулоо кемеси тарабынан жүргүзүлөт.



Тектеш кабарлар