Чавушоглу : "Бардык мүмкүнчүлүктөрүбүз менен Казакстандын жанындабыз"

Чавушоглу Казакстандын күн тартиби тууралуу онлайн өткөрүлгөн Түрк Мамлекеттери Уюмунун тышкы иштер министрлеринин кезексиз жыйынына катышты.

1760900
Чавушоглу : "Бардык мүмкүнчүлүктөрүбүз менен Казакстандын жанындабыз"

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Казакстандын кыйын күнүндө жанында болууну милдет катары билишкенин белгилеп : «Мындан кийин да бизге кандай милдет түшсө бардык мүмкүнчүлүктөрүбүз менен Казакстандын жанындабыз жана бардык мүмкүнчүлүктөрүбүздү колдонууга даярбыз»,- деди.

Чавушоглу Казакстандын күн тартиби тууралуу онлайн өткөрүлгөн Түрк Мамлекеттери Уюмунун тышкы иштер министрлеринин кезексиз жыйынына катышты.

Чавушоглу бул жерде сөз сүйлөп, Казакстанда болгон абалдар боюнча Түрк Мамлекеттери Уюмдарынын тышкы иштер министрлери катары кезексиз чогулушкандарын, түрк дүйнөсү үй  - бүлөсүнүн маанилүү мүчөсү   Казакстандагы абалдардын баарын терең таасирленткендигин айтты. Чавушоглу Казакстандагы абалдарды санааркоо менен иликтешкендерин, түрк дүйнөсүнүн чоң бир үй  - бүлө экендигин белгилеп : «Казакстандагы окуяларга терең кайгырып жатабыз. Мухтар бир тууганыма жана Казакстан калкына сабырдуулук каалаймын. Каза болгондорго Аллахтан кайрымдуулук жана жаракат алгандардын бат айыгып кетишин каалайбыз. Түрк мамлекеттери үй  -  бүлөсү катары бул кыйын учурунда казак боорбошторубуздун жанында, алар менен тилектештик ичиндебиз»,- деди.

Абалдын көзөмөлгө алынышынан кубанычтуу экендерин баса белгилеген Чавушоглу Казакстанда Алихан Смаиловдун жаңы премьер  - министр болуп шайланашынан кубанчтуу экендерин, Смаилов менен кызматташтык ичинде иштөөнү улантышарын айтты.

Чавушоглу Казакстандагы тынчтык жана ырааттуулуктун глобалдык тынчтык менен бирге аймак жана уюм үчүн да маанилүү экенин айтып : «Казакстан бул кризисти ашып өтө турган жөндөмдүүлүккө, тажрыйбага жана мамлекеттик салтка ээ.

Ардактуу президентибиз Нурсултан Назарбаев жана президент Касым Жомарт Токаевдин көз карашынын негизинде күчтүү бир мамлекеттик акыл менен калыптанды. Казак калкы да учурдагы маселелерди чечүү үчүн биримдик жана ынтымактуулук рухун көрсөтө турган акыл  - эске ээ»,- деди.

Түрк мамлекеттери уюму катары жасаган биргелешкен маалыматта жана бүгүн кабыл ала турган биргелешкен декларацияда негизги билдирүүлөрүнүн улуу түрк дүйнөсү катары Казакстандын жанында экендерин жана өлкөдө ырааттуулуктун калыбына келиши үчүн Казакстанды толук колдой тургандыктарын белгилеген Чавушоглу : «Түркия катары да эң башынан бери казак мекемелери менен байланышып турдук. Мындан кийин да бардык мүмкүнчүлүктөрүбүз менен Казакстандын жанындабыз жана бардык мүмкүнчүлүктөрүбүздү колдонууга даярбыз»,- деди.



Тектеш кабарлар