Босния-Герцеговина үч өлкөгө нота жөнөттү
Босния-Герцеговина үч өлкөгө каршылык көрсөттү.
Босния-Герцеговинанын тышкы иштер министри Бисера Туркович, Баня Лука шаарында мыйзамсыз түрдө майрамдалган «9-январь Серб Республикасы күнү» программасына өкүлдөрдү жиберген Орусия, Кытай жана Сербияга дипломатиялык нота берилгенин жарыялады.
Туркович нотада бул майрамдарга расмий катышуунун Босния-Герцеговинанын ички иштерине катуу кийлигишүү дегенди билдиргенин айтты.
Нотада Босния-Герцеговина Конституциялык сотунун расмий гезитте жарыяланган тиешелүү өкүмү орун алып, мындай аракеттердин Босния-Герцеговина менен эки тараптуу карым-катнаштарды үзгүлтүккө учуратышы мүмкүн экени белгиленди.
Конституцияга каршы келгенине карабастан, Босния-Герцеговинанын Баня-Лука шаарында "9-январь Серб Республикасы" майрамы өткөрүлгөн.
Майрамга Сербиянын парламентинин спикери Ивица Дачич жана Сербиянын премьер-министри Ана Брбанич менен бирге Орусиянын жана Кытайдын Сараеводогу элчилери катышкан.
Босния-Герцеговинанын Конституциялык соту 2015-жылы ошол кездеги Президенттик кеңештин мүчөсү Бакир Изетбеговичтин өтүнүчү менен "Серб Республикасы" күнүн "конституцияга каршы" деп жарыялаган.
Бул чечимден кийин Серб Республикасынын Элдик ассамблеясы 2016-жылдын 25-сентябрында "9-январь Серб Республикасы" күнүн таануу боюнча референдум өткөргөн, бирок Босния-Герцеговинанын Конституциялык соту муну тааныбай, бул күндү белгилөө боюнча иш-аракеттерге тыюу салган.
Тектеш кабарлар
Түркия Газага гуманитардык жардам жиберилди
Түркиядан гуманитардык жардамдарды Газага алып барган 9 - кеме Египетке жакындады.