Алтун: «саясий согушка айланган жалган маалымат согуштарына каршы күрөшөбүз»

Фахреттин Алтун, 10-январь Иштеп жаткан журналисттер күнүнөн улам Президенттиктин коммуникация башкармалыгында президенттик аппараттын кабарчылары менен жолугушту.

1760280
Алтун: «саясий согушка айланган жалган маалымат согуштарына каршы күрөшөбүз»

Президенттиктин коммуникация башкармалыгынын башчысы Фахреттин Алтун, саясий согушка айланган жалган маалымат согуштарында өлкөнүн укуктарын жана мыйзамдарын коргоо үчүн аракет кыла тургандарын айтты.

Фахреттин Алтун, 10-январь Иштеп жаткан журналисттер күнүнөн улам Президенттиктин коммуникация башкармалыгында президенттик аппараттын кабарчылары менен жолугушту.

10-январь Иштеп жаткан журналисттердин күнү менен куттуктаган Алтун, жыйынга катышкан журналисттерге англис тилинде жазган «Глобалдык хаос доорунда стабилдештирүүчү күч катары Түркия» ("Türkiye as a Stabilizing Power in an Age of Tormoil) аттуу китебин да кол коюп, белекке берди.

Өлкөлөрдүн ырааттуулугу жана демократиясы жалган маалымат согуштары менен олуттуу коркунучка кабылганына көңүл бурган Алтун, Түркиянын дараметин жана күчүн эл аралык аренада дагы ачык көрсөтүү аракетин уланта тургандарын баса белгиледи.

Алтун стратегиялык коммуникация концепциясын алдыбыздагы мезгилде үч багытта күчөтө тургандарын белгиледи.

Буга ылайык,Түрк брендинин көрүнүктүү жана таасирдүү болушу үчүн коомдук дипломатия аракеттери улантылат. Экинчиден, азыр саясий согушка айланган жалган маалымат согуштарында өлкөнүн укуктарын жана мыйзамдарын коргоо аракеттери көрүлөт. Үчүнчүдөн, Түркиянын коммуникация моделин түптөө жана институтташтыруу боюнча изилдөөлөр улантылат.



Тектеш кабарлар