Акар азербайжандык кесиптеши менен сүйлөштү

Хасанов Акарга көңүл айтты.

1760150
Акар азербайжандык кесиптеши менен сүйлөштү

Улуттук коргоо министри Хулуси Акар Азербайжандын коргоо министри Закир Хасанов менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Министрликтин Твиттердеги баракчасынан берилген маалыматта, сүйлөшүүдө Хасановдун жикчил террор уюму ПКК/ЙПГ тарабынан мурунку күнү Акчакале чек ара тилкесине жайгаштырылган колго жасалган жардыргыч заттардын жарылышынан 3 аскердин шейит болушуна байланыштуу Акарга көңүл айтканы белгиленди. 

Билдирүүдө ошондой эле сүйлөшүүдө аскердик машыгуу жаатындагы кызматташуу иш-аракеттери боюнча пикир алмашылганы айтылды.



Тектеш кабарлар