Түркиядан Нигерияга көңүл айтылды

Тышкы иштер министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта өлкөнүн түндүк батышындагы Замфарада болгон кол салууларда 100дөн ашуун жарандын каза болгондугу терең кайгыруу менен угулганы белгиленди.

1759481
Түркиядан Нигерияга көңүл айтылды

Түркия Нигериянын Замфара провинциясында 100дөн ашуун жарандын өмүрүн алган кол салуулар үчүн көңүл айтуу билдирүүсүн жарыялады.

Тышкы иштер министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта өлкөнүн түндүк батышындагы Замфарада болгон кол салууларда 100дөн ашуун жарандын каза болгондугу терең кайгыруу менен угулганы белгиленди.

Билдирүүдө: «Бул жийиркеничтүү кол салууларды катуу айыптайбыз. Кол салууларда каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө, дос жана боордош Нигериянын элине жана өкмөтүнө чын жүрөктөн көңүл айтабыз»,делди.

Нигериянын жергиликтүү маалымат каражаттарынын жума күнкү кабарында, Замфара провинциясындагы кыштактарга куралдуу бандалардын кол салуусунан 100дөн ашуун кишинин каза болгондугу белгиленди.



Тектеш кабарлар