Казакстандагы Түрк аба жолдорунун экипажы Түркияга алып келинди
Нур-Султандан 6 кишилик команданы Түркияга алып келүү үчүн THYнын башкаруу кеңешинин жана аткаруу комитетинин төрагасы Илкер Айжынын көрсөтмөсү менен иш жүргүзүлдү.
1759552
Казакстандагы окуялардан улам каттамдары токтотулган борбор шаар Нур-Султанда калган Түрк аба жолдорунун (THY) 2 капитан учкучу жана 4 кабина кызматкери Дубайдагы транзиттик рейси менен Түркияга жеткирилди.
Нур-Султандан 6 кишилик команданы Түркияга алып келүү үчүн THYнын башкаруу кеңешинин жана аткаруу комитетинин төрагасы Илкер Айжынын көрсөтмөсү менен иш жүргүзүлдү.
THYде иштеген 6 киши түн ичинде башка бир авиакомпанияга таандык учак менен Нур-Султандан Дубайга жеткирилди.
Учак экипажы Дубай аэропортунан жергиликтүү убакыт боюнча саат 02:40та учуп кеткен THY учагы менен эртең менен Стамбулга келди.
Алматыда калган THY кызматкерлерин дагы Түркияга алып келүү боюнча сүйлөшүүлөр уланып жатканы белгилүү болду.