Ички иштер министри Сүлейман Сойлу Бангладеште

Сүлнйман Сойлу Бангладеште аракандык мусулмандар жашаган лагерге барды.

1759266
Ички иштер министри Сүлейман Сойлу  Бангладеште
soylu banglades turk sahra hastanesi1.jpg
soylu banglades turk sahra hastanesi.jpg

Бангладеште аракандык мусулмандар жашаган лагердеги өрттөн кийин жаңыланган түрк көчмө ооруканасы ачылды.

Жолугушууларды өткөрүү үчүн Бангладешке барган Ички иштер министри Сүлейман Сойлу Бангладештин Апаатты башкаруу жана жардам министри Мухаммед Эманур Рахман менен бирдикте Мьянманын Аракан аймагындагы кысым жана зулумчулуктан качып Бангладешке баш калкалаган мусулмандар жашаган лагерге барды. Сойлу өткөн жылы лагерде чыккан өрттө талкаланган жана президент Р. Т. Эрдогандын жолдомосу менен Апаат жана чукул абалдарды башкаруу башкармалыгы тарабынан кайрадан курулган түрк көчмө ооруканасынын ачылуу аземине катышты.

Министр Сойлу аземде сүйлөгөн сөзүндө ооруканада ушул убакка чейин 700 миң дарылоо болгонун, күнүнө 20 операция жасалганын, 2 000ге жакын кишинин поликлиникаларда текшерүүдөн өткөнүн айтты.

Сойлу бардык технологиялык жабдыктар мобилизацияланган оорукананын лагердеги 900 миң кишиге кызмат кылгандыгын белгиледи.

Сойлу президент Эрдогандын аракандык мусулмандарга жиберген саламын да айтты. Бангладештин Апааттарды башкаруу жана жардам министри Рахман Түркиянын Бангладешке көрсөткөн колдоосуна ыраазычылык билдирди.

Түркиянын өзгөчө кырдаалдарда жардам бергенин билдирген Рахман түрк көчмө ооруканасында көптөгөн оорулардын айыктырылгандыгын айтты.

Балухали качкындар лагеринде 2021 - жылдын 22 - мартында чыккан өрттөн көп сандаган адам каза болуп, жаракат алган, 10 000 баш калкалоочу жай кыйрап, 55 000 аракандык мусулмандары жабыр тарткан.



Тектеш кабарлар