Эрдоган Караман -Конья жогорку ылдамдыктагы поезд линиясынын ачылышына катышты

Президент Режеп Таййип Эрдоган Түркияны темир жол транспортунда борбордук өлкө кылуу үчүн чечкиндүү экендиктерин айтты.

1759354
Эрдоган Караман -Конья жогорку ылдамдыктагы поезд линиясынын ачылышына катышты

Президент Режеп Таййип Эрдоган Түркияны темир жол транспортунда борбордук өлкө кылуу үчүн чечкиндүү экендиктерин айтты.

Президент Эрдоган Караман - Конья жогорку ылдамдыктагы поезд линиясынын ачылышы үчүн барган Коньяда  жарандарга кайрылды.  

Поезд линиясынын ачылышы менен жаңы мезгилди  баштагандарын белгилеген Эрдоган, Түркиянын бардык булуң - бурчтарына ылдам же жогорку ылдамдыктагы поезд менен барууга боло турганын айтты.

Түркиянын 10 миң 959  километр болгон темир жол линияларынын узундугун 13 миң 222 километрге  чыгарышкандарын, 1213 километр жогорку ылдамдыктагы поезд жана 219 километр ылдамдыктагы поезд линиясын курушкандарын айткан Эрдоган Британиянын борбор шаары Лондондон чыккан бир поезддин Европа жана Балкандардан өтүп Эдирнеден Түркияга кирип, Мармарайдан өтүп Анадолуга баргандыгын белгиледи.

Эрдоган : «Анадолуну башынан аягына чейин басып өткөн бул поезд Карс  -  Тбилиси -  Баку темир жолу аркылуу Азиядан Пекинге чейин бара алат. Бул инвестициялар менен өлкөбүздү темир жолун жүк жана жүргүнчү ташууга даяр абалга алып келүүдө орчундуу этаптардан өттүк. Түркияны башка көптөгөн тармак сыяктуу темир жол транспортунда да борбордук өлкө кылууда чечкиндүүбүз»,- деди.

Президент Эрдоган сөз сүйлөгөндөн кийин Конья менен Карамандын ортосундагы жолду кыскарта турган ылдам поезд менен Караманга кетти.



Тектеш кабарлар