Түркия 2025-жылдагы ЭКСПОго катышуу чечимин Японияга билдирди

Түркиянын Токиодогу элчиси Коркут Гүнген 2025-жылдагы Дүйнөлүк ЭКСПО боюнча жооптуу министр Вакамия Кенжи менен жолукту.

1758653
Түркия 2025-жылдагы ЭКСПОго катышуу чечимин Японияга билдирди

Түркия 2025-жылдагы ЭКСПОго катышуу чечимин Японияга билдирди.

Түркиянын Токиодогу элчиси Коркут Гүнген 2025-жылдагы Дүйнөлүк ЭКСПО боюнча жооптуу министр Вакамия Кенжи менен жолукту.

Сапардын жүрүшүндө элчи Гүнген министр Вакамияга «Түркиянын ЭКСПО-2025ке А категориясынан катышуу чечимин» расмий түрдө билдирди.

Жолугушууда ЭКСПО-2025тин Түркия менен Япониянын ортосундагы тарыхый достук карым-катнаштарын бекемдөөгө жана мындан ары да өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүк түзөрү баса белгиленди.

Ошондой эле ЭКСПО-2025ке даярдык көрүүнүн алкагында эки өлкөнүн тыгыз кызматташтыкта ​​иш алып баруусу боюнча макулдашылганы белгиленди.

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу кечээ телефон аркылуу сүйлөшкөн япон кесиптеши Хаяси Ёсимаса менен эки тараптуу карым-катнаштарды жана биргелешкен кызматташтыкты талкуулаган болчу.

Чавушоглу Твиттердеги баракчасына: «Тарыхый достук байланыштарыбызга ылайык стратегиялык өнөктөштүгүбүздү кийинки баскычка алып чыгууга чечкиндүүбүз»,-деп жазган эле.



Тектеш кабарлар