Түрк аба жолдору эвакуация үчүн Казакстанга атайын каттамды ишке ашырат

Алматы шаарындагы түрк аба жолдорунун учуу экипажы жана башка аба жолу фирмаларынын кызматкерлери алып келинет.

1759143
Түрк аба жолдору  эвакуация үчүн Казакстанга атайын каттамды ишке ашырат

Түрк аба жолдору Казакстандагы абалдардан улам Алматы шаарындагы түрк аба жолдорунун учуу экипажы жана башка аба жолу фирмаларынын кызматкерлерин Түркияга алып келүү үчүн атайын каттамды ишке ашырат.

Алынган маалыматка караганда "TK 6902" учуу коду менен түрк аба жолу учагынын керектүү уруксаттардын алынышынан кийин бүгүн түнү Стамбулдан Алматыга барышы,  "TK 6903" каттамы менен эртең 75ке жакын кишинин Түркияга алып келиниши пландалууда. Учактын эртең Түркия убактысы боюнча саат 13:40 чамаларында Стамбулда болушу күтүлүүдө.

Нур Султан шаарындагы түрк аба жолунун 6 экипажы үчүн түрк аба жолдорунун башкаруу кеңешинин төрагасы Илкер Айжынын атайын жолдомосу менен керектүү бардык эвакуациялык мүмкүнчүлүктөрдүн  түзүлгөндүгү билдирилди.

Түрк аба жолдору Казакстандагы абалдардан улам каттамдарын  9 -  январга чейин токтотуу чечимин кабыл алган.



Тектеш кабарлар